Нурзада Райымкулова - 27 жаштагы үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Кесиби боюнча театр жана кино актрисасы. Каарманыбыз дагы башка айымдардай эле декреттик өргүүдө отуруп жолдошуна материалдык жардам көрсөтүү максатында ишкерлигин баштаган.

  Учурда Нурзада айым кондитердик азыктарды өндүруп, өзүнүн аймагындагы азык-түлүк дүкөндөрүнө таратып келет.

Ишкер айым, Ишкердикти Колдоо Борборунун(ИКБ) кардары болуп саналат. Ал ИКБ консультантарынын жардамы менен ЕККУнун «Айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кенейтүү» гранттык программасына катышкан.

Программага катышып, тандалып, бизнес көндүмдөр окутуулардан өттү. Бизнес идеясын жогорку деңгээлде жактап, жабдууларды сатып алуу үчүн 200 000 сомдук грант алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Гранттын ненгизинде ишкер айым кайтарымсыз эки электр мешин жана эки тестомес миксер  утуп алды.

 Борбордун юрист консультанты Ильяс Жусуев ишкер айымга ишкердигин каттоого жардам берсе, бизнес консультант Марс Апатаевтан өндүрүлгөн продукцияны сатууда  жардам алды. Учурда пряниктин 3 түрүн өндүрүп, Казарман айылындагы 9 азык-түлүк дукөнүнө жеткирип берет.

“Мындай колдоо жана насаатчылыктын аркасында алдыга койгон максаттарыбызга жетип, ишкердик идеябызды ишке ашырууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө, ишибизди кеңейтүүгө, продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлдү. Ар бир айымга айтаарым, ийгилик сиздин кадамыңызда!” дейт өз сөзүндө Нурзада айым.