Жыпаргул Мамасалиева – Жалал-Абад облусундагы Ишкердикти колдоо борборунун тажрыйбалуу PR-консультанты. Ал ишкерлерге бизнес өстүрүү, онлайн сатуулар, брендинг, контент-планды түзүү жана жеке брендди өнүктүрүү боюнча кеңеш берет.

Өзүнүн практикалык тажрыйбасында Жыпаргул Мамасалиева эки жылдан ашуун убакыт бою ALNOOR Travel, PEAKSOFT House, ошондой эле Гепамед медициналык борборунда (Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында) SMM-адис болуп иштеген. Жыйналган тажрыйбасынын аркасында ал ишкерлерге өз бизнесин илгерилетүү жана өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдерди табууга жардам берет.

Квалификациясын жогорулатуу максатында Жыпаргул Мамасалиева SMM-мобилография боюнча курстардан өткөн, ошондой эле жеке брендди түзүү, контент-стратегия иштеп чыгуу жана социалдык тармактарда илгерилетүү боюнча семинарларга катышкан.

🎓 Б. Осмонов атындагы ЖАГУнун Табигый-техникалык факультетинде бакалавр даражасына ээ.

+996 0777 244 161